www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

3-ноябрда Өзбекстандын Кашкадарыя облустук соту Effect.uz сайтынын мурдагы кабарчысы, азыр Taftish.uz басылмасында иштеп жаткан журналист Эльёрбек Тажибаевди үч жылга эркинен ажыратты.

Сот өкүмүнө ылайык, мындан тышкары Effect.uz сайтынын кабарчылары Акбар Нуримбетовдун эркиндиги үч жылга, Хамиджон Ахмедовдуку эки жарым жылга, ошондой эле жеке ишкер Гузаль Худоёрованын эркиндиги эки жылга чектелди.

Журналисттер "Бийлик өкүлүнө же жарандык милдетин аткарып жаткан адамга каршылык көрсөтүү", "Тергөөгө же соттук териштирүүгө кийлигишүү", "Жалаа жабуу" жана "Кемсинтүү" беренелери боюнча күнөөлүү деп табылышты.

Быйыл январда Effect.uz сайты Термез райондук сотунда тартылган видеону жарыялаган. Анда басылманын журналисттери менен соттун төрагасы Одил Бегимкуловдун ортосундагы кайым айтышуу тартылган. Ал күнү бул сотто өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка айыпталып жаткан адамга карата сот өкүмү чыгышы керек болчу.

Бул окуядан кийин Соттук кеңеш Effest.uz сайтынын журналисттерин "мыйзамга каршы жүрүш-турушка, ачык агрессияга жана сот бийлигинин көз карандысыздыгы менен соттордун кол тийбестигин сыйлабоого" айыптаган билдирүү жарыялаган.

Журналист Тажибаев аларга "Термез райондук сотунун төрагасынын кабыл алуу бөлүмүнө кирүүгө аракет кылганы үчүн гана" кылмыш иши козголгонун билдирген. Ал июндун башында Өзбекстандагы журналисттер менен блогерлерге кайрылып, алардын профессионалдык ишмердүүлүгүнө коркунуч болуп жатканын эскерткен.

Өзбекстан "Чек арасыз кабарчылар" уюмунун сөз эркиндигинин абал боюнча быйылкы рейтингинде бир тепкичке төмөндөп, 157-орунга жайгашкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости