www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сентябрда Өзбекстандын тартип коргоо органдары радикалдуу диний топтор менен күрөштү күчөтүп, ишмердүүлүгүн жандандырып жаткан диний топтордун даректери боюнча рейддерди өткөрүштү.

«Озодликтин» өз булактары кабарлагандай, бул чаралар Ооганстанда талибдер бийликке келгенден кийин жана Өзбекстанда диний радикализм коркунучу күчөгөн маалда көрүлө башталды.

«Көптөн бери эле ар түрдүү радикалдуу топтор жанданганы тууралуу билдирүүлөр түшө баштаган. Өзүңөр билесиңер, алар дайым эле байкоо алдында. Бирок «Коопсуз зона» операциясы башталгандан кийин рейддер жүрүп, айрым кишилер кармалды. Алардын көбү мурда түрмөдө отуруп чыккандардын тизмесине киргизилди. Издөөдө жүргөндөр да бар...» — деди ИИМде тергөөчү болуп иштеген өз булак.

Өзбекстан ИИМи билдиргендей, акыркы айда эле бул рейддердин натыйжасында 200 киши кармалды. Алардын көбү «Хизб ут-Тахрир» уюмуна тиешеси бар деп шектелүүдө. Бул арада Сурхандарыя облусунун Ооганстан менен чектеш райондорунда Мамлекеттик коопсуздук кызматы менен Ички иштер министрлигинин (ИИМ) көзөмөлү күчөтүлдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости