www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандык супер оор салмактагы мушкер, экс-дүйнө чемпиону Руслан Чагаев орус мушкерин машыктырмакчы болду. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Өзбекстандын атынан чыгып жүргөн Бүткүл дүйнөлүк бокс ассоциациясынын (WBA) версиясы боюнча мурунку чемпиону Руслан Чагаев мушкерлердин “Ноакуттар падышасы” шоусунда орусиялык мушкер Фатима Дудиеваны машыктырмай болду.

Фатима Дудуева 14-ноябрда Санкт-Петурбург шаарында өткөн турнирде польшалык Дорота Норекти жеңип алган.

Көрүүсүндөгү көйгөйдөн улам Руслан Чагаев 2016-жылы профессионалдуу рингден кеткен. “Ак Тайсон” аталган Чагаев 38 беттеш өткөрүп, анын 34үндө жеңишке жеткен. Анын 21ин нокаут менен уткан.

Акыркы жылдары Руслан Чагаев Германиянын Гамбург шаарында жашап келген.

2007-жылы Руслан Чагаев менен ошол убактагы Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримованын ортосунда сүйүү мамилеси бар деген маалыматтар тараган эле.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости