www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америкалык белгилүү ырчы жана актриса Женнифер Лопес чет элдик басылмаларга берген маегинде карьерасынын башында съемка жүрүп жаткан аянтчада режиссер тарабынан асылууга кабылганын айтып берди. 

Лопестин айтымында, ал тартылуучу тасмалардын биринде үстүн чечип, төшүн көрсөтүш керек болчу. Актриса бул кадамга барганга даяр болгонун түшүндүрүп кетти. Бирок, режиссер кийим которуучу бөлмөдө алдын ала чечинүүнү талап кылган. Ал бул көрүнүштү асылуу катары эсептейт. Себеби, режиссер анын төшүн көрүү үчүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган. 

“Режиссер мага “үстүңкү кийимиңди чечип, төшүңдү көрсөт” дегенде, мен ошол замат баш тарттым: “Биз съемка аянтчасында эмеспиз. Съемка болсун, сценарийде жазылгандай мен кийимимди чечем. Бирок, мен азыр муну кылбайм” деп баш тарткам”,-дейт Лопес.

Актриса ошол убакта шок болуп, коркконун айтып берди. Айтымында, ал өзүнүн режиссерго баш тартып, анын бул кылганына жооп бергенине таң калган. Анын ордунда башка актриса болсо мүмкүн өзүн жоготуп эмне кылышты билмей калмак. Кийин бөлмөдөн чыкканда режиссер актрисадан кечирим сураган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости