www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад шаарынын калкына ыңгайлуу шарттарды түзүүдө калаанын инфраструктуралык абалын жакшыртуу аракеттер келерки жылы да улантылат. Бул тууралуу шаар башчысы Мураталы Тагаев аймактык башкармалыктардын тургундары менен болгон жолугушууда билдирди. 

Жыл сайын калаа жетекчилери шаардын келээрки жылдагы бюджетинде аткарылуучу жумуштарын пландоодо, аймактагын тургундардын сунуш пикир жана көйгөйлөрү менен жеринде таанышып келет. Бул аракеттер дагы да улантылып, жашоочуларга Жалал-Абад шаарында 2019-жылда аткарылган жалпы жумуштардын отчёту берилүүдө. Жыйналышта тургундарды түйшөлткөн маселелерин уккан калаа мэри, түзүлгөн жагдайлардан кабардар экенин айтып, чечүү аракеттери көрүлүп жатканын билдирди.

Эл менен болгон жолугушууларга калаадагы бардык мекеме-ишканалардын жетекчилери да катышууда. Анын алкагында жашоочулар берилген көйгөйлүү суроолоруна жеринде жоопторун алышууда.

Белгилей кетсек, жергиликтүү бийликтин эл менен болгон жолугуулары алдыдагы күндөрү да улантылат. Аныны алкагында көтөрүлгөн маселелер шаардын 2020-жылдагы бюджетинде аткарууга алуу боюнча жергиликтүү кеңештин депутаттарынын талкуусуна коюлат.

Последние новости