www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуу Британияда бир “чудной” элчибиз бар. Аты Эдил Байсалов. Эсиңердеби, аны убагында “Эдичка” – деп дагы атап  калышкан.  Тилдин баркын билип, аны туура жерде жана туура убакытта колдонууну билгендиги эле элчи кылып бактысын ачып кетти да.

Азыр Гонконгдо укмуштуудай нааразачылык акциясы болуп жатпайбы. Июнь айынан бери токтой элек. Эми ошол митингдин апогейи болуп жатат окшойт. Ал жерде 40тай кыргызстандык студент нааразычылык акциясынын чордонунда калып, алардын жакындары тышкы иштер министрлиги, президентке чейин кайрылып, жардам берүүнү өтүнүшүүдө.

Ал учурда коңшу Казакстан өзүнүн студенттеринин коопсуздугун ойлоп аларды эбак эле кооптуу аймактан мамлекеттин эсебинен чыгарып кеткен.

Ал эми бул “Эдичка” жер шаарынын башка жеринде отуруп алып эмне деп дөөрүп "ТИМ студенттерди чыгарбай эле коюш керек" дейт?

Эдил Байсалов муну эмне менен түшүндүрдү билесиздерби? “Ал жерде авиабилеттерди бардык студенттер өз чөнтөгүнөн алганга мүмкүнчүлүгү бар, аэропорт жабык эмес. Жада калса чоң материк менен аралды байланыштыра турган көпүрө курулган. Баары иштеп жатат” – дейт “дөөпүрас-элчи”.

Белгилейт кетсек, “дипломатиялык кызмат” мыйзамына ылайык, “Кыргыз Республикасынын чет жердеги өкүлчүлүгү кыргыз жаранынын чет-өлкөдөгү кызыкчылыгын жана укугун коргошу керек” – деп жазылган. Эх “Эдичка”, акылың ушунчалык тайкы беле?...

 Булак: NazarNews.kg

Последние новости