www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 15-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Кыргыз улуттук агрардык университетинде өткөн Айыл чарба, тамак-аш жана кайра иштетүү кызматкерлеринин күнүнө арналган иш-чарага катышып, аларды кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Төрага өлкөнүн айыл чарба тармагынын калыптануу жолу биз үчүн узун сабак, кызык кеп экенин баса белгиледи. «Дыйкандарыбыз менен фермерлерибиздин кажыбас кайраты, талыкпаган аракети менен биздин дасторконубуз сапаттуу, экологиялык жактан таза дүйүм тамак-ашка толуп турат. Кыргызстан эгемендик алган жылдары өлкөнүн айыл чарба тармагы кыйла өзгөрдү. Совет доорунда айыл чарба тармагыбыз ири ийгиликтерге жетишкенин жакшы билесиздер.

Ата-бабаларыбыз ак эмгеги менен миңдеген дың жерлерди өздөштүрүп, мал чарбасы менен кайра иштетүү тармагын алдыңкы орунга алып чыккан. Дыйкандар менен фермерлер алардын жолун татыктуу улантуу аркылуу азыр дагы заманбап технологиялардын жардамы менен өз өнүмдөрүн эл аралык базарга алып чыгып, кайра иштетип, жаңы жумушчу орундарын ачууда. Алар мындан ары дагы өлкөнүн өнүгүшүнө өз салымдарын кошо бере турганына терең ишенем», - деди Дастанбек Жумабеков.

 

Последние новости