www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформанын жана КЖБР автоматташтырылган маалыматтык системасын киргизүүнүн алкагында, өткөн жылдардагы кылмыш иштерин инвентаризациялоо боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинен кабарлашты.
Андагы маалыматка караганда, Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан кызматтык текшерүү жүргүзүлүп, 1998-жылдан 2007-жылга чейинки мезгилде 21 жоголгон кылмыш иши аныкталган.
Жүргүзүлгөн кызматтык текшерүүнүн натыйжасында, юридикалык баа берүү үчүн аталган материалдар көзөмөлдөө органына жөнөтүлгөн.
Белгилей кетсек, буга чейин Башкы прокуратура токтотулган кылмыш иштерин текшерүү иштери жүргүзүлгөнүн билдирген болчу. Текшерүүнүн жүрүшүндө Бишкек ШИИББинин тергөө кызматы тергеп жаткан кылмыш иши козголгон түрдүү оордуктагы кылмыштар боюнча 20 кылмыш иши жок болуп чыккан.
Бул боюнча ар тараптуу жана так иликтөө жана буга байланыштуу кызмат адамдарына юридикалык баа берүү үчүн материалдар Жазалардын бирдиктүү реестрине шалаакылык беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүштү уюштуруу үчүн УКМКга өткөрүлүп берилген.
Булак: NazarNews.kg