www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2019-жылдын 15-ноябрында Бишкек шаарындагы, Кожевенная көчөсү 74 дареги боюнча жайгашкан Түндүк-Чыгыш бажысынын “Бизнес-Транс-Сервис” (мындан ары-“БТС”) бажылык тариздөө жайында (мындан ары-БТЖ) ММКнын өкүлдөрү үчүн пресс-тур болуп өттү. “БТС” БТЖнын жалпы аймагы 3,8га түзөт.  Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди.

Пресс-турдун жүрүшүндө КРӨгө караштуу МБКнын кызматкери Калыбаев Болот Акматалыевич “БТС” БТЖнын иши, азыркы күндө аткарылып жаткан милдеттери жана максаттары жөнүндө маалымдады. Экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу менен катар “БТС” БТЖнын негизги милдеттери болуп Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетин толтуруу болуп саналат.

ММК өкүлдөрүнө администрациялык имаратта жана бардык периметр боюнча аймагында 61 видео байкоо камерасы санариптештирүүнүн алкагында орнотулганы жөнүндө маалымат берилди. Мындан сырткары бажынын имаратында жайгашкан 5 видео байкоо камерасы МБКнын борбордук аппаратына онлайн кошулган. Реалдуу убакыт режиминде видео байкоо системасына мониторинг жүргүзүү коррупциялык тобокелдикти төмөндөтүүгө гана мүмкүндүк бербестен, бажы операцияларын ишке ашыруунун айкындуулугун жана бажы кызматына ишеним деңгээлин жогорулатууга мүмкүндүк берет.

2015-жылдын 31-мартындагы Евразия экономикалык бирлигине кошулуу процессинин алкагында Кыргыз Республикасына техникалык көмөк көрсөтүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуунун алкагында 472 видеокөзөмөлдөө камераларын орнотуу боюнча иштер аяктады:

  • (АӨП «Иркештам» - 50 видеокамера;
  • АӨП «Кызыл-Кия» - 56 видеокамера;
  • АӨП «Торугарт» - 73 видеокамера;
  • АӨП «Кызыл-Бель» - 50 видеокамера;
  • АӨП «Кайрагач» - 55 видеокамера;
  • ТЖӨП «Джалал-Абад» - 51 видеокамера;
  • ТЖӨП «Шамалдысай» - 39 видеокамера;
  • ТЖӨП «Кара-Суу» - 66 видеокамера;
  • ТЖӨП «Кызыл-Кия» - 32 видеокамера).

Бүгүнкү күндө «Торугарт» жана «Иркештам» өткөрмө пункттарында орнотулган видеокөзөмөлдөө системасын «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенишүү системасы аркылуу мониторингдин улуттук системасына кошуу жүзөгө ашырылды.

Мындан тышкары, тышкы экономикалык иштин катышуучуларынын ыңгайлуулугу үчүн электрондук кезекке туруу үчүн жабдуулар орнотулган, бул бажылык кызматты көрсөтүү убактысын кыскартууга жана коррупциялык тобокелдиктерди төмөндөтүүгө көмөктөшөт.

2012-жылдан тартып бардык өткөрүү пунктунда жана бажылык тариздөө жайында Бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтык система (БАМС) – бажы процесстерин автоматташтыруу үчүн арналган программалык продукт колдонулат. БАМС иштеп баштагандан тартып Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын негизги бизнес-процесстерин автоматташтырууну камсыз кылат.

Кыргыз Республикасы 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге кошулуунун алкагында ЕАЭБ ченемдерине жана талаптарына БАМСты модернизациялоо жана толуктап иштеп чыгуу боюнча иш-чаралар өткөрүлгөн.

БАМСты модернизациялоонун алкагында алдын ала маалымдоо системасы киргизилген, бул дүйнөнүн каалаган булуң-бурчунан интернет байланышы аркылуу жүк жана жүк коштоочу документтер жөнүндө маалыматты бажы кызматына берүүгө мүмкүндүк берет. Бул система өткөрүү пунктунда жүктөрдүн өтүү убактысын кыскартууга, бажылык формалдуулукту аяктоо үчүн зарыл уруксат документтер жөнүндө маалымдарды эрте алууга, ошондой эле тобокелдиктерди баалоону жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

Бажы операцияларын жеңилдетүү максатында, бардык республика боюнча бажылык тариздөө жайында товарларды бажылык тариздөөдөн өткөрүү электрондук формада бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтык системада ишке ашырылууда.

Мындан тышкары, тышкы экономикалык иштин катышуучулары үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында реалдуу режим убактысында бажы төлөмдөрдү төлөөнүн накталай эмес ыкмасынын системасы киргизилген.

“БТС” БТЖ: 100 тонналык тараза жабдуулары, жалпы аянты 1778м2 кампа орун жайы (алардын ичинен бат бузулуучу товарлар үчүн 67м3 муздатуучу орун жайлар, дары-дармек каражаттар үчүн 30м3 атайын орун жайлар, өзгөчө сактоону талап кылган өзгөчө товарлар үчүн (уулуу ж.б.) атайын орун жайлар); аянты 317м2 бажы кампасы (бажы кампасы жол-жобосуна товарларды жайгаштырууда колдонулуучу) менен жабдылган.

“БТС” БТЖда Европа ( Турция, Германия, Италия, Испания, Латвия, Литва ж.б.) жана КМШ (Өзбекистан, Украина, Түркменистан ж.б.) өлкөлөрүнөн импорттолуучу товарларга карата бажы операциялары жүргүзүлөт, негизинен дары-дармек каражаттары, эмеректер, тиричилик техникасы, жабдуулар, курулуш материалдары, текстиль продукциялары, жуучу жана косметикалык каражаттар, канцелярдык товарлар, дипломатиялык жүктөр, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 259-беренесине ылайык таризделүүчү товарлар (негизги каражаттар).

Пресс-турдун жүрүшүндө ММКнын өкүлдөрүнө БТЖнын иш процесси, БАМС программалык камсыздоо боюнча документтерди тапшыргандан тартып бажынын кызматкерлери чечимди кабыл алганга чейинки мезгил көрсөтүлгөн, тышкы экономикалык иштин катышуучусу билдирген бажы жол-жобосуна жайгаштырууга 15-30 минут убакыт сарпталган (убакыт бажылык тыкыр кароону жүргүзүүнү эске албастан көрсөтүлгөн).

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости