www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстан акыркы 10 айдын ичинде 110 миллион доллардан ашуун каражатка 300 миллион литрден көп бензин импорттоду. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 128 миллион литрге көп.

Өлкөнүн Мамлекеттик статистика комитетинин маалыматына караганда, Өзбекстанга бензин негизинен Орусия (142,3 миллион литр) менен Түркмөнстандан (136 миллион литр) келет. Бул өлкөлөрдөн сатып алынган бензин өлкөгө импорттолгон жалпы бензиндин дээрлик 93% түзөт. Мындан тышкары өлкө Казакстандан (16 миллион литр), Ирактан (3,6 миллион литр) жана Ирандан (1,8 миллион литр) бензин сатып алат.

Өзбекстандын Монополияга каршы комитети импорттун көбөйгөнүнө карабастан жыл башынан бери өлкөдө бензиндин баасы 72,1% жогорулаганын билдирүүдө.

Буга чейин «Өзбекмунайгаз» ишканасынын расмий адамдары өлкө бензинди арзандатууга аракет кылып жатканын кабарлаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости