www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаардык мэриясы өзгөчө абал алынгандан кийин дагы борборго автоунаалар менен адамдардын кирүүсүнө чектөө чараларын карап жатат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Татьяна Кузнецова онлайн брифинг учурунда билдирди.
"11-майдан баштап, өзгөчө абал алынгандан кийин Бишкек мериясы шаарга кирүүдө унаалардын жана жөө жүргүнчүлөрдүн кыймылына чектөө киргизүү маселесин карап жатабыз. Шаарга кирүүдө жарандар паспортту гана эмес, ошондой эле коронавирус инфекциясынын анализин тастыктаган документти (тез тестирлөө же ПЦР) да бериш керек болот. Мындан тышкары биз Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекция менен биргеликте унаалардын жана жөө жүргүнчүлөрдүн кыймылын чектөө үчүн ички санитардык постторду орнотуу маселесин карап жатабыз. Бишкек шаардык мэриясы жаңы конуштарда карантин чараларын күчөтөт", - деп билдирди вице-мэр.
Булак: NazarNews.kg