www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте мас кыз милиционерге кол салып, анын погондорун жулуп салган. Биринчи Май райондук соту аны эки жылга пробациялык көзөмөлгө алды.
Ысымдар өзгөртүлдү
Өткөн жылдын ноябрь айынын аягында, түнкү саат 3төрдө патрулдук милиция кызматкерлери Минура аттуу кызды мас абалында милиция бөлүмүнө алып келишкен. Кыз аларды тилдеп, "өзгөчө этиятсыздык менен" улук лейтенанттын кителинен погондорун жулуп, галстугун чечип, көйнөгүнүн топчуларын үзүп салган.
Минуранын аракети бейбаштык деп мүнөздөлгөн. Сот отурумунда ал күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алган. Кыздын айтымында, анын курбусу Арина телефон чалып, алар жолугушкан. Жолдо алар бир бөтөлкө арак сатып алып, аны ичкенден кийин курбулар уруша кетишкен. Арина милиция чакырып, алар Минураны ички иштер бөлүмүнө алып келишкен. Отурумда бейбаштык кылган кыз кылган ишине өкүнгөнүн билдирди.
Жабыркаган милиционер түшүндүрмө жазуу учурунда агрессивдүү болгон кызды тынчтандырууга аракет кылганын, бирок ал жооп катары ага кол салганын айтты. Натыйжада милиционер кызды жыгып, анын колуна кишен салууга мажбур болгон. Отурумда жабырлануучу кызды кечиргенин маалымдады.
Райондук соту Минураны эки жылдык пробациялык көзөмөлгө алуу чечимин чыгарган.
Булак: NazarNews.org