www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусунун аймактарында кырдаалдын кесепетинен 136-турак үй жана 84 объектке зыян келтирилген. Бүгүнкү күндө атайын комиссия түзүлүп чыгымдар такталууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, жарандарга жалпысынан жеткирилген гуманитардык жардамдын болжолдуу салмагы 967 тонна, анын ичинен 834 тонна таратылды. Кампага чогулган гуманитардык жардам 134 тонна. Мындан тышкары, жарандар тарабынан жабыркаган аймактарга түз жеткирилген гуманитардык жардамдардын болжолдуу салмагы 694 тонна. Гуманитардык жардамдарды ӨКМ тарабынан жүктөө, түшүрүү жана жерине жеткирүү иштерине 120 куткаруучу жана 17 бирдик автотехника тартылган.

"Баткен районунун Миң-Булак, Үч-Төбө, Таш-Тумшук, Көк-Таш, Ак-Сай, Көк-Терек, Орто-Боз, Самаркандек айылдарынан Өзгочө кырдаалдар министрлигинин тарабынан 14361 жаран эвакуацияланып, Баткен шаары, Бужум, Чек, Жаңы-Жер, Ак-Турпак, Кара-Булак, Чоң-Кара, Рават айылына жайгаштырылган. Лейлек районунан Борбордук, Интернационал, Арка, Саада, Максат, Достук айылдарынан 26288 жаран эвакуацияланып, Сүлүктү, Исфана шаарларына, Кара-Булак, Коргон, Самат, Булак-Башы, Маргун, Кулуңду айылдарына жайгаштырылган. Жалпы Баткен облусу боюнча 40649 жаран эвакуацияланган", - деп жазылган маалыматта.

Эвакуацияга иштерине тартылаган күч каражаттар:

-КР ӨКМ–16 бирдик техника, 214 кызматкер;
-Автотранспорт кызматынан – 60 спринтер -60 кызматкер;
-Медицина кызматынан – 13 тез жардам автоунаасы- 35 медкызматкер.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости