www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир жылдары Орунбасар Кызалаков дүң этип "Биздин өзөн" деген ыры менен жалпы элге таанылды, анан көп өтпөй афиша сүрөттөрү Бишкек шаарынын ар бир көчөлөрүнө ушул сүрөттөгүдөй сүрөттөр жайнап, так концерт боло турган күнү, саатынан бери жазылып илинди.
Эң кызыгы, бир күнү мен жашаган 7-жатаканага бир эки киши чакырып атат сизди деп бөлмөдө отурсам сыртка чакыртышты, чыксам мен тааныган Кенжебек жанында бир кара тору бир киши турган, учураштык, бул ким десем Орунбасар Кызалаков деп койду кебелбей, мен ишенген жокмун, бир кезде ары барып жашыл чөптүн үстүнө отуруп сүйлөшүп отурдук, бир топко сүйлөшкөндөн соң ишендим, атам бул ырчыны жакшы көрчү эле чалып сүйлөштүрдүм, экөө бирин-бири тааныбаса да жарым саат кенен бакылдашты, кеч кирди, бир убакта жатаканага чай ичкиле десем макул деп кирип бөлмөдө төрдө эки үч саат бакылдап ырдап, сүйлөп, рошки басып берсек андан жеп, чайдан ичип кенен отурду. Түнкү саат ондор болуп кетти го, кой жатакана жабылат деп сыртка чыгып баратканда вахтада комендантыбыз отурган эле, учурашып эле чыгып кеттик. Бир учурда Орунбасар агабызды узатып кайра жатаканага кирип келатсам комендант Шура апа чакырып
-Ай Дастан бул жанакы кадимки Орунбасар Кызалаков го ыя?
-Ооба эмне болду десем,
-Апей ботом биз азыр концертине барып өзү жок болгонуна байланыштуу концерт болбой калды деп Спорт Ордосунан азыр кайра келбедикпи... биякта сен менен жүргөн турбайбы? десе болобу, көрсө так ошол күнү концерти болмок болуп, элдин баары күтүп атса кетип калган экен, анан биздин жатаканага келип бакылдашып отуруп алган тура. Мен аябай таң болуп жүрдүм, башка күнү болсо бир жөн го, концерти башталып эл кирип атса, жатаканабызга бөлмөбүзгө кирип беймарал отуруп алганына.

Ак көңүл болгондуктан бир чоң себептерге таарынып концертинен чыгып кетсе керек... жаш баладай ичинде кири жок, өзгөчө үндүү сонун таланттуу адам эле((( анын стили өзгөчө эле, аны туурап канчасы жылдыз болду. Кайталангыс талант эле((( жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун.
Азыр интернеттен угуп, өзгөчө ырчынын, бир өзгөчө күнү мени менен өткөнүн эскерип, эскерүү жазганга туура келди.

Дастан Алдаяров, тамада (Фейсбуктагы өздүк баракчасынан алынды)

Последние новости