www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кимдир бирөө реформа жасашы керек да», - деди саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев. Бул тууралуу ал жергиликтүү басылмалардын бирине берген интервьюсунда айткан. Анын айтымында, реформа жасагандар көбүнө жакпайт.

«Петр Биринчи да Орусияда реформа жасаганда элдин баары аны жек көргөн, бирок кийин анын баарын туура кылганын тарых көрсөттү. Жыл ичинде жасаган иштеримдин баары эл үчүн. Президент, эл, бардык дарыгерлер абдан кубанып жатышат. Репутациядан коркпогон, реформа жасаган министр келди деп», - дейт Алымкадыр Бейшеналиев.

«Башка министрлердей болуп отуруп алып, 30 жылдан бери иштеген башкы врачтар менен директорлордун ыраазычылыгын алсам болмок. Алар уурдап коюп отура беришкен. Мен азыр кызматтан кетпейм, эл үчүн дагы көп нерселерли жасашым керек. Президент менин реформамды колдойт. Анткени ал бирөөнүн кызыкчылыгы үчүн эмес, эл үчүн иштөөгө келген», - деп кошумчалады министр.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда министрдин реформасына каршы жана анын отставкага кетиши үчүн дарыгерлердин колдорун чогултуу башталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости