www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Психологдор өзүнө ишенгөн жана комплекс кармаган адамдардын айырмасын айтып беришти. Ал негизги 10 белгиден турат.
1. Ар дайым маанайы ачык. Өзүнө ишенген адамдар ийгиликсиздик ар кайсы процесстин бир бөлүгү болоорун жакшы билишет. Алар жашоодо өзгөртүүгө мүмкүн болгон нерселерге оптимизм менен карашат. А эгер өзгөртүү мүмкүн болбосо, анда ал үчүн өзүнүн да, башкалардын да маанайын бузуп кереги жок деп эсептешет.
2. Бардык адамга жагынууга аракеттенбейт. Ар бир жолуккан кишинин көңүлүн табууну милдети катары эсептебейт. Жашоо ушундай - адамдардын баары эле бири-бири менен тил табыша бербейт. Демек, мамилелердин санына эмес, сапатына басым жасоо керек.
3. Талаш-тартышка катышпайт. Өзүнө ишенген адам «чындыкты чубап чыга бербейт». Жаңылуудан коркпойт. Өзүнүн дараметине ишенгендиктен, өз мээси айтканды аткарат. Ошондуктан, башкаларга чындыкты далиддөөгө шашпайт.
4. Өз чегинен чыкпайт. Ким бирөөнүн турмушуна мурдун тыкпайт. Кайсы бир маселе менен алектенерде «менин буга укугум барбы?» деген суроону берет.
5. Башкаларды сындабайт. Сын - жеке эгону коргоонун эң жөнөкөй ыкмасы эмеспи. А күчтүү адамга өзүнүн мыкты адам экенин башкаларга көрсөтүү зарыл эмес. Өзүн башкалар менен салыштырбайт, башкалардан кемчилик издебейт, өз жолу менен басат.
6. Аз сүйлөп, көп угат. Көп сүйлөгөн адамдарда өзүнө ишенбөөчүлүк болушу мүмкүн. Анын үстүнө, активдүү социалдык колдоого муктаж эмес адам жанындагы адамды тынч угуп, суроо берүүдөн качпайт.
Булак: Майдан.kg