www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кыргыз бир жамандыкта, бир жакшылыкта биригет!”-деген сөз бар. Мына кечээ Баткенде чек-арада болгон окуяга ар кандай баа берип, кызуу талкуу жүрүп жатат. Айрымдар, “эмне карап отурасыӊар, кеттик, колуӊарга курал алгыла, элдик кошуун түзгүлө!”-деген чакырыктарды кылышты. Балким алар дагы мекенчилдик сезим менен айтып жаткандыр, бирок “ачуу душман – акыл дос” деген сөз бар. Маселе кызуу кандуулукка алдырып, ал жерге аскерди жыйнап, элдик кошуундарды түзүп алып барып кою менен чечилбейт. Тилекке каршы чек-ара чыры бүгүн эле чыга калган жок, мурдатан келе жатат. Тактала элек аймактар аягына чыкмайын бул көйгөй жеке эле Кыргызстанды эмес, Тажикстанды дагы түйшөлтөт. 

Ал эми абакта жаткан мурдагы президенттин тарапташтары, тактап айтканды маалыматтык саясатын жүргүзгөн блогерлери “...чек-араны чечпейсиӊерби, кана Опумбаев, Жунушалиев? Бийлик кайсы жакты карап жатат, Алмазбек Атамбаев болсо эч кандай толкундоосуз эле маселени чечип жүрчү...”-деп жазып жатышат. Эми Алмазбек Атамбаев силер мактагандай кыйын болсо, эмнеге чек-араны чечип кеткен жок? Ислам Каримов, Нурсултан Назарбаев, Эмомали Рахмон менен урушуп, чырдашып, чек-арадагы абалды кайра курчутуп келбеди беле? Эми түштөн кийин акыл үйрөтүп, абалды пайдаланып өзүӊөрдүн арам максатыӊарды таӊуулабай тынч турсаӊар? Алты жыл Атамбаев кайсы чек-арадагы талаш аймакты чечти, калптын дагы чеги болот. 

Баткендеги абал – барыбыздын көйгөйүбүз жана ал ар бирибизди түйшөлтөт! Ушундай кырдаалда бийликти табалап, жаман сөздөр менен жемелеп, бир-бирибиз менен урушпай, кайра ынтымакта болбойлубу? Тийешелүү органдар өзүнүн ишин кылып жатат, Премьер-министр чыр чыккан жерде жүрөт, тийиштүү курамы менен. Эки өлкө ортосунда сүйлөшүү, абалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүү жүрүүдө. Тынчтык барынан кымбат жана ага эки тарап теӊ кызыкдар. Анан диванда чалкалап жатып алып, “...ура-а-а кеттик, согушалы, намы-ыс, намыс барбы!”-деп элди дүрбөтө бергениӊер туура эмес. Жаман айтпай жакшы жок, болбой дагы койсун, бирок кыйынчылык болсо ошол диван баатырлары артын карабай качышат. Билебиз, 1999-жылы Баткен окуясында аскерге алып кетет экен дегенде үйүнө түнөбөй качкандар болгон. Ошондуктан сабырдуулук менен мамиле кылсак. Ал эми элди козутуп жаткандар мамлекетте тынчтык болуусун каалабагандар. Андайлардын тилеги таш капсын! Фейсбуктагы мен байкаган, кечээтен бери "Баткенге барыш керек!"-деп оолуккандар үйүнөн дагы чыккан жок. Азыр деле элди күүлөп коюп отурушат Фейсбукта.

Дайырбек Орунбеков, журналист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости