www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пайдасы укмуштуу имбир

Имбир - көп жылдык тамыр сабактуу өсүмдүк. Анын бардык вегетативдүү органдарында өсүмдүктөрдүн өсүүгө байланыштуу функцияларды аткарган органдары: жалбырак, сабак жана тамыр, ошондой эле уруктарында өзүнө гана таандык жыты болгон эфир майы бар. Тамыр-сабагы жоон, эки катар түрпү сымал жалбырактар кучагы (жука жана жазы келип сабакты аздыр-көптүр каптап турган жалбырак сабы) менен капталган.

Тамыр сабагынын ар бир муун аралыктарында (тамырдын бир муунунан экинчи муунуна чейинки бөлүгү) көмөкчү тамырлары болот. Жер үстүндөгү өркүнүндөгү сабак кыска, жоонураак, муун аралыктары абдан жакын. Анда бир-бирине тыгыз келген кезектүү сапсыз жалбырактар жайгашкан. Жалбырак пластинкалары ланцеттей узун. Гүлдөрү жогорку тон гүлүндө. Алар жыпар жыттуу, кооз болсо да, көп жашабайт. Мөмөсү - кутуча. Уруктары бир нече кыры бар, овалдуу, кабыгы катуу. Түштүк Азиядан келип чыккан. Имбир байыртадан бери эле Индияда өстүрүлгөн. Азыркы кезде дүйнөнүн бардык тропиктик өлкөлөрүндө өстүрүлөт. Нигерия, Малайзия, Япония, Кытай, Батыш Индия, Бразилияда көп өндүрүлөт.

Кургак тамыр сабагында эфир майы (1-3,5%), крахмал, чайырлар, канттар бар. Эфир майынын негизги составдык бөлүгү-цинеол жана цингиберол. Алардан тышкары линалоол, гераниол жана башка бирикмелер бар. Чайырлуу бөлүгүндөгү цингероль кетондордун - цингерон жана шогаолдун кошундусу, алардын даамы абдан курч келет. Имбирдин жыты жагымдуу, даамы керемет курч. Анын тамыр сабагы кургатылган, жанчылган, кантка кошулган же сиропто консерваланган түрүндө пайдаланылат. Ошондой эле имбирдин спирттүү экстракты белгилүү. Анда учма жыпар жыттуу эфир майы менен күчтүү чайырлуу заттар бар.

ИМБИРДИ КАЯКТА КОЛДОНСО БОЛОТ?

Имбир кулинарияда, нан бышыруу, кондитер өндүрүшүндө, ошондой эле ар кандай керемет даамдуу соустар, пиво, ликер (мисалы, «Бенедиктин» чыгарууда колдонулат. Ар түрдүү тамак-аштарга кошкондо, ал аларга жагымдуу сонун даамды берет. Туз менен аралаштырып этке, балыкка, тоок этине, өзгөчө өрдөктүн этине өзгөчө даам кошот. Имбир карын зилинин пайда болушун күчөтөт, тамак сиңирүүнү оңолтот. Имбир тамак сиңирүү бузулганда, өзгөчө кусканда, жүрөк айланганда, ич көпкөндө, сийдик жакшы чыкпай калганда, кызыл жүгүрүктө колдонулат. Чыгыш Азиянын элдик медицинасында имбир баш ооруганда, бронх астмасында берилген. Парфюмерияда чыгыш типтеги композициялар үчүн колдонулган. Имбир жер-жемиштер менен продуктуларды сактоо үчүн пайдаланылат.

ИМБИРДИН ЖАРДАМЫ МЕНЕН АРЫКТАП, СУЛУУ БОЛУҢУЗ

Буга чейин бир нече жыл мурун имбир тамырына көп деле маани берилчү эмес. Бирок, анын тарыхы 2 миң жыл мурун эле пайда болгон. Ал эми азыр болсо анын ден соолук жана сулуулук үчүн көптөгөн пайдасы бар экендигин билгенден бери, ага болгон суроо-талап күчөгөндөй. Айрыкча, кытайлыктар бул тамырды улуттук тамак- аштарына колдонуп, атактуулугун арттырган.

Жашартуучу маска

Бул маскага сөөмөйдүн учундай имбирдин тамыры, шпинат, бир банандын жарымы жана 3 чай кашык бал керектелет. Имбирди, шпинатты майда көздүү кыргычтан өткөрүп, бананды кошуп, балды салып аралаштырасыз. Андан соң бетти таза жууп, масканы сүйкөйсүз. 20 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жууп саласыз.

ИМБИРДЕ КАНДАЙ ПАЙДАЛУУ ЗАТ БАР?

Имбирдин даамы таттуу-кычкыл даамданып, эфир майларындай жагымдуу жытка ээ. Мындай курамы менен имбир майларды эритүүчү касиетке ээ. Демек, имбирди колдонуп ашыкча салмактан арылууга болот. Мындан сырткары, имбир тамырынын курамында адам баласынын организмине пайдалуу витаминдер, органикалык майлуу кислоталар жана кичи элементтер бар. Ошондуктан кайсы бир ооруну таптакыр айыктырып жок кыла албаса да, жеңилдете турган мүмкүнчүлүгү бар.

ИМБИР-ТАБИГЫЙ МАЙ ЭРИТҮҮЧҮ

Имбир ашыкча салмактан арылууга башка заттарга караганда, салыштыргыс экенин буга чейин байыркы гректер билишкен. Имбир тамак сиңирүүнү жакшыртат, ачкалыкты жоготот жана зат алмашууну калыбына келтирет. Андыктан тамакка чейин 30-40 мүнөт мурун имбирдин маңызын ичип койсоңуз, көпкө чейин ток жүрөсүз жана кандагы холестериндин деңгээлин калыбына тушүрүүгө шарт түзгөн болосуз. Организмди зыянсыз заттардан, шлактардан, уулардан жана токсиндерден тазалайт. Ошондуктан спирт ичимдиктеринен же козу карындан уулангандарга имбирдин майы абдан жакшы жардам берет. Заара бөлүп чыгарууну жөнгө салат. Иммунитетти көтөрөт.

ИМБИР ВАННАСЫ ДЕНЕГЕ АБДАН ЖАГАТ

Бул үчүн ваннаны 40-50 ысыктыктагы суу менен толтуруп имбир эфир майынан 5 тамчы кошуп коёсуз. Андан кийин толугу менен жыйрылган денени бошотуп, ырахаттана 30 мүнөт жатсаңыз болот. Мында имбирдин жардамы менен муундардын ооруганы жазылып, денеге жагымдуу абал пайда болуп, чарчоодон арыласыз.

Булак: "Мантыш"

 

 

 

Последние новости