www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Пакистандын Тышкы иштер министрлиги Жакынкы Чыгышта тынчтыкка жетүүнүн жалгыз жолу дипломатия экенин билдирди.
Пакистан бул боюнча аймактагы окуяларга терең тынчсыздануусун билдирип, согуштук аракеттердин кайра жанданышы эч бир тараптын кызыкчылыгына жооп бербей турганын белгиледи.
Министрликтин билдирүүсүндө:
- Пакистан бардык тараптарды сабырдуулукка чакырып, аймактагы тынчтык менен туруктуулукту дагы да солгундата турган ар кандай аракеттерден карманууга үндөйт, - деп айтылат.
Исламабад Вашингтон менен Тегеранды өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумдун шарттарын бирдей деңгээлде сактоого чакырды. Белгилей кетсек, АКШ менен Иран бири-бирин бул келишимди бузду деп айыптап келишет.