www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунун Алай райондук ички иштер бөлүмүнүн өздүк курамына Укук бузуулар кодексине киргизилген өзгөртүүлөр боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйындын жүрүшүндө Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери 2026-жылдын июнь айында күчүнө кирген өзгөртүүлөрдү тааныштырып, мас абалында унаа башкаруу жана башка одоно жол эрежелерин бузуу үчүн жоопкерчилик кыйла күчөтүлгөнүн белгилешти.

Жаңы талаптарга ылайык:
мас абалында унаа башкарган айдоочуга 80 миң сом айып пул салынып, айдоочулук күбөлүгүнөн 2 жылга ажыратылат;
медициналык кароодон өтүүдөн баш тарткан учурда 100 миң сом айып пул салынып, 3 жылга айдоочулук укугунан ажыратылат;
айдоочулук укугунан ажыратылгандан кийин кайрадан мас абалында кармалса, 100 миңден 150 миң сомго чейин айып пул же 1 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган;
мас абалында жол кырсыгына себепкер болсо, 100 миң сом айып пул салынып, 3 жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат;
эгер мас айдоочунун катышуусундагы жол кырсыгы адам өлүмү менен коштолсо, күнөөлүү 12 жылга чейин эркинен ажыратылып, айдоочулук күбөлүгүнөн да 12 жылга ажыратылат.

Иш-чаранын соңунда кызматкерлер адистерге суроолорун берип, жаңы мыйзамдар боюнча кеңири түшүндүрмө алышты.

Последние новости