www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түндүк–Түштүк альтернативдүү унаа жолунун 318-чакырымында жайгашкан «Көк-Арт» төлөм алуу пункту ишке кирди.

Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, өткөрмө пунктунда төлөмдөр накталай эмес тартипте гана кабыл алынат. Айдоочулар жол акысын QR-код, банктык карта жана башка электрондук төлөм каражаттары аркылуу төлөй алышат.

Министрлик билдиргендей, туннелди үзгүлтүксүз тейлөө олуттуу чыгымдарды талап кылат. Ага күнү-түнү жарыктандыруу, желдетүү системалары, видеокөзөмөл, өрт коопсуздугу жабдуулары, авариялык байланыш каражаттары жана башка инженердик системалардын үзгүлтүксүз иштешин камсыздоо кирет.

Чогулган каражат жолду тейлөөгө, оңдоого жана анын коопсуз пайдаланылышын камсыз кылууга жумшалат.

Төлөмдөрдүн тарифи:
жеңил автоунаалар – 100 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик автоунаалар үчүн – 200 сом;
5 тоннага чейинки кичи автобустар – 250 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик – 1000 сом;
3,5 тоннага чейинки жүк ташуучу унаалар жана тракторлор – 250 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик – 1000 сом;
автобустар жана 3,5–12 тонна жүк ташуучу унаалар – 500 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик – 1500 сом;
12 тоннадан жогору жүк ташуучу унаалар – 700 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик – 3000 сом;
чиркегичтүү жана ири оор жүк ташуучу унаалар – 1000 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик – 5000 сом.

Последние новости