www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Пакистан өзүнүн улуттук аба күчтөрүнүн согуштук мүмкүнчүлүктөрүн модернизациялоо жана кеңейтүү үчүн Кытайдан FC-31 (Shenyang J-31) жашыруун согуштук учактарынын партиясын сатып алууну каалайт. Бул тууралуу Пакистандын аба күчтөрүнүн командачылыгы билдирди.
«Бешинчи муундагы FC-31 жашыруун согуштук учактарын сатып алуу Пакистандын Аскердик Аба күчтөрүн стратегиялык трансформациялоодогу маанилүү кадам болот. Анын пайдубалы түптөлүп бүттү», - деп айтылат маалыматта.
Пакистандын Аскердик Аба күчтөрүнүн командачысы маршал Захир Ахмад Бабар Сидху FC-31 согуштук учактары жакын арада ишке киргизиле турганын билдирди.
Маалымат үчүн айта кетсек, Кытайдын авиациялык өнөр жай корпорациясы (AVIC) тарабынан иштелип чыккан FC-31 бир орундуу, эки кыймылдаткычтуу, орто аралыкка учуучу истребител. Адистердин айтымында, FC-31ди Lockheed Martin чыгарган америкалык F-35 истребителине салыштырууга болот.
FC-31 учагынын узундугу 16,9 м, канаты 11,5 м, максималдуу учуу салмагы 25 тонна, жүктүн салмагы 8 тонна, кыймылдын радиусу 1200 километр. Самолет ар кандай максаттар үчүн жогорку тактыктагы бомбалар жана ракеталар менен куралданган. ЖМКлардын маалыматына караганда, FC-31дин баасы болжол менен 70 миллион долларды түзөт.
Булак: NazarNews.kg