www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Пакистандын Белужистан провинциясында муссон мезгилиндеги нөшөрлөп жааган жамгырдан улам келип чыккан сел акыркы бир нече аптада 186 адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.
Белужистанда акыркы бир нече жумада жааган жамгыр жана суу ташкындарынан 85 эркек, 45 аял жана 56 баланын каза болгондугу, 75 кишинин жараланганы белгиленди.
Пакистандын өзгөчө кырдаалдар кызматынын маалыматына караганда, июль жана август айынын бир бөлүгүндө мезгилдүү жамгыр жана суу ташкындарынан каза болгондордун саны өлкө боюнча 700дөн ашты.
Кыйроонун жана жоготуулардын көбү Пакистандын Ооганстан, Белужистан жана Синд провинциялары менен чектешкен Пенжаб провинциясында катталган.
2022-жылы Түштүк жана Түштүк-Чыгыш Азияда муссон жамгырлары нормадан 30-40 пайызга көбөйгөн. Суу ташкындары жана жер көчкүлөр Пакистан, Индия, Шри-Ланка, Камбоджа, Лаос, Вьетнам, Таиланд, Малайзия жана башка өлкөлөрдө байкалган.
Булак: NazarNews.kg