www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Пакистандын Мурри шаарында калың жааган кардан улам унааларынан чыга албай тоңуп каза болгондордун саны 23кө жетти. Бул тууралуу трт.нет жазып чыкты.
Жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлагандай, калың кар 7-январдын кечинен бери борбор калаа Исламабаддан 70 чакырым алыстыкта жайгашкан Мурри шаарында жана Галият аймагында таасирдүү болууда.
Мурриде унаасына тыгылып калган 23 адам тоңуп каза болду.
Жооптуу кызматкерлер жааган кардан улам жүрө албай калган унааларын таштаган көптөгөн адамдардын мейманканаларга баш калкалоо үчүн жөө басып кеткендигин белгиледи.
Ички иштер министри Шейх Рашид Ахмед жуманын акырында эс алуу үчүн аймакка көптөгөн унаа каттагандыктан жолдун кыймылынын токогондугун, абалды көзөмөлдөө үчүн иштердин жүргүзүлүп жаткандыгын айтты.
Ахмед тоолуу аймактагы шаарга кирүү жана чыгуулар эртең кечке чейин жабылгандыгын айтып, миңдеген адамдын көчөлөрдө калгандыгын жана бул кишилерди эвакуациялоо үчүн башталган издөө – куткаруу иштерине жарандык кызматкерлер менен аскерлердин да катышкандыгын маалымдады.
Туристтик аймакка шаар тышынан 125 000ден ашуун унаанын киргендиги белгиленди. Аймакта издөө-куткаруу иштери уланууда.