www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пакистанда нөшөрлөгөн жамгырдан улам 279 адам каза болуп, 676 киши жарадар болду. Бул тууралуу Улуттук табигый кырсыктарды башкаруу башкармалыгы билдирди.

1500дөн ашуун имарат жабыркап, жүздөгөн адамдар эвакуацияланган. Мал чарбасы менен дыйканчылыкка олуттуу зыян келтирилген.

Маалыматка ылайык, эң көп жоготуулар өлкөнүн чыгышындагы Пенджаб провинциясы болуп, 151 адам көз жумуп, 536 адам жаракат алган. Ал эми түндүк-батыштагы Хайбер-Пахтунхва провинциясында 64 адам каза болуп, 80 адам жаракат алганы кабарланды.

Андан сырткары Синд, Белужистан жана Гилгит-Балтистан провинцияларында да жоготуулар катталды.

Метеорологдор нөшөрлөп жааган жамгыр жакынкы күндөрдө да уланарын айтышууда.

Последние новости