www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пакистандын Белужистан провинциясында эки жолу жардыруу болуп, 24 киши мерт кетип, ондогон киши жараат алды. Бүгүн, 8-февралда өлкөдө парламенттин Улуттук ассамбелясына жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт.

Жардыруулар депутаттыкка талапкерлердин штабынын жанында болду. Азырынча бул үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек. Чабуулга акыркы айларда бир нече кол салууларды жасаган "Пакистан Талибаны" кыймылы жана Белужистандагы жикчил топтор шектелүүдө. Бийлик шайлоо тилкелеринде коопсуздукту күчөтөрүн билдирди.

Шайлоого бир жума калганда Пакистандын мурдагы президенти жана шайлоо алдындагы сурамжылоолордо алдыда келе жаткан "Адилеттүүлүк үчүн кыймылы" партиясынын негиздөөчүсү Имран Хан жалпысынан 31 жылга эркинен ажыратылган. Хан өз тарапкерлерин добуш берүүгө жана жыйынтыктар жарыяланганга чейин шайлоо тилкелеринде болууга үндөгөн.

Шайлоого Хандын да партиясы катышат. Бирок сот шайлоо бюллетенине аталган партиянын эн белгисин жазууга тыюу салып койгондуктан калкынын 40% сабатсыз бул өлкөдө анын тарапкерлерине өз тандоосун туура жасоого тоскоолдук жаралышы мүмкүн экени айтылууда.

Парламенттик шайлоого 44 партия катышууда. Алардын арасынан үч партия негизги атаандаштар: Хандын "Адилеттүүлүк үчүн кыймылы" патиясы, мурдагы премьер-министр Наваз Шарифтин "Пакистан мусулмандар лигасы" партиясы жана мурдагы премьер-министр Беназир Бхуттонун атасы негиздеген "Пактистан элдик партиясы".

Пакистандын парламенти эки палатадан турат – Сенат жана Улуттук ассамблея.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости