www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пакистанда жана Ооганстанда калың кардын жана тынымсыз жааган жаандын кесептинен кеминде 80 адамдын өмүрү кыйылды. Соңку күндөрү айрым тоолуу аймактарда сел жүрүп, кардуу бороондун жана көчкүнүн айынан негизги автожолдор убактылуу жабылды.

Кышы бою бул өлкөлөрдө жаан-чачын дээрлик жаабай, адаттан тыш кургак аба ырайы болуп турган.

5-мартта Пакистандын жаңы дайындалган премьер-министри Шехбаз Шариф жээктеги өткөн аптада нөшөр жаандан кийин сел каптаган Гвадар шаарына барды.

"Жүздөгөн үйдү сел каптады. Миңдеген адам шаардан чыгып кетүүгө мажбур болду", - деди жергиликтүү бийлик өкүлү Аурангзеб Бадини.

Бадини беш кишинин өмүрү кыйылганын, Гвадар, Живани жана Пасни шаарларында 3200 үйдү суу каптаганын айтты.

Түндүк-батыштагы Хайбер-Пахтунхва провинциясында жаандын жана кардын кесепетинен кеминде 40 киши каза болгону, 62 киши жараат алганы маалымдалды.

«Алардын көбү үй-жайы талкаланып, уранды астында калып каза болду», - деп билдирди «Машаал» радиосуна куткаруучулар кызматынын өкүлү Билал Файзи.

Коңшу Ооганстандын бир катар аймактарында тынбай жааган кардын кесепетинен кеминде 39 киши каза болду, ондогон киши жараат алды.

«Кардын жана жаандын айынан 637 үй жарым-жартылай бузулду, 14 миң баш мал кырылды», - деди талибдер өкмөтүнүн өзгөчө кырдаалдар боюнча мекемесинин өкүлү Жанан Сайек.

Ооганстан да, Пакистан да климаттын өзгөрүшүнөн көп жабыркаган, кургакчылык, сел, көчкү жана башка жаратылыш кырсыктары көп катталуучу аймакта жайгашкан өлкөлөр.

Последние новости