www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пакистандын ар кайсы облустарында нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен каза болгондордун саны 62ге жетти. Бул тууралуу trt.net сайты жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, катуу жааган жамгыр Белужистан, Пенжаб жана Хайбер-Пахтунхва облусунда жана Гилгит-Балтистан аймагында жашоого терс таасирин тийгизди.

Белужистанда дагы 9 кишинин өлүмү менен 5-июлдан бери каза болгондордун саны 49га жетти. Жетекчилер бул адамдардын 5инин селге кабылганын, 4 баланын да үстүнө дубал кулап каза болгонун билдиришти.

Нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен 7 дамбанын капкагы жарылып, көптөгөн аймактарды суу каптады.

Ооганстан-Пакистан чек арасындагы айылдарды да суу каптаса, Белужистан менен Пенджаб облусун бириктирген автожолдун көптөгөн жерлери жабылды.

Катуу жаандан улам болгон кырсыктарда Гилгит-Балтистан аймагында 5 адам, Түндүк Вазиристанда 4 адам, Равалпини жана Гужранвала шаарларында 2 адам каза болду.

Өлкө боюнча 5-июлдан бери уланган нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен каза болгондордун саны ушундайча 62ге жетти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости