www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Кыргызиндустрия" ААК эл аралык компаниялар менен кызматташуусун өнүктүрүүдө.
Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Ушул жумада “Кыргызиндустрия” ААК президенти Жарасул Абдураимов «Brizbane Group of Companies» (Пакистан) жана «Yiwu Bold Look Import & Export Co., Ltd» (АКШ) компанияларынын башкы директору Асиф Мухаммад Сулехри менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүндүгүн талкуулашты. Жарасул Абдураимов “Кыргызиндустрия” ААК стратегиялык милдеттери, өлкөнүн иштебей токтоп турган ишканалары жана Коомдун ал ишканаларды калыбына келтирүү жөнүндө ниетин айтып берген соң республиканын аймагында булгаары буюмдарды жана спорттук шаймандарды чыгаруу өндүрүшүн иштетүүнү сунуш кылды.
Асиф Мухаммад Сулехри Кыргыз Республикасынан булгаары сырьёну импорттоого кызыкдар экенин билдирүү менен кызматташууга даяр экендигин айтты. Эгер сырьё берүү ишке ашып калса, Пакистан тарап Кыргыз Республикасынын аймагында булгаарыдан топторду, бут кийимдерди, күрмөлөрдү жана башка буюмдарды жасоочу завод куруу мүмкүндүгүн карай турган болду.
Асиф Мухаммед Сулехринин айтымында, «Yiwu Bold Look Import & Export Co., Ltd» компаниясы чыгарган текстиль буюмдардын сапаты мыкты жана чет өлкөлөрдө өтүмдүүлүгү жакшы. Алар жасаган продукциянын 80%га жакыны эл аралык рынокко экспорттолот.
Тараптар тыгыз кызматташууга жана өз ара пайдалуу биргелешкен кооперацияга ишенимдерин билдиришти.
Бул компаниялар тобу көп жылдардан бери кармаш өнөрү үчүн сапаттуу товарлардын жана аксессуарлардын бардык түрлөрүнүн абдан тажрыйбалуу техникалык өндүрүүчүсү жана экспортеру болуп келатат. Кытайдын Эл аралык соода борбору болгон Иу шаарында өзүнүн өндүрүштүк бөлүмү бар. Ошону менен бирге АКШда да соодалык офистери бар.
Булак: NazarNews.kg