www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 6-июлда, Пакистан Ислам Республикасынын президенти Асиф Али Зардари расмий сапар менен Кыргызстанга келди.

Жогорку даражалуу конокту президент Садыр Жапаров “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан расмий тосуп алды. Салтанаттуу тосуп алуу аземинде эки өлкөнүн мамлекеттик туулары илинип, килем төшөлүп, Ардак кароол ротасы тизилди.

Расмий сапардын алкагында Садыр Жапаров менен Асиф Али Зардари кыргыз-пакистан кызматташтыгынын учурдагы абалын, эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн келечегин жана өз ара кызыкчылык жараткан маселелерди талкуулашат.

Мындан тышкары, делегациялардын катышуусунда бир катар маданий иш-чаралар да өтөрү мерчемделген.

Последние новости