www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пакистан Ислам Республикасынын Премьер-министри Имран Хан Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына киришүүсү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди.

«Сиздин акылмандыгыңыз жана бай тажрыйбаңыз Кыргызстан элин чоң прогресске жана гүлдөп өнүгүүгө алып барат деп ишенебиз. Пакистан менен Кыргыз Республикасынын ортосунда терең байланыштар жана кызматташуу мамилелери бар. Сиз менен көп кырдуу кызматташтыгыбызды мындан ары тереңдетүүнү жана кеңейтүүнү, бардык тармактагы ишмердүүлүктө күчтүү өнөктөштүктү орнотуу үчүн кызматташууну күтөм», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости