www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пандемиядан улам өлкөдө миңден ашуун иш-чара өтпөй калды

2020-жылы коронавирус пандемиясынан улам Кыргызстанда төрт миңден ашуун спорттук иш-чаралар өтпөй калган. Бул тууралуу Жаштар, дене тарбия жана спорт агенттигинин жетекчиси Канат Шабданбаев спортчуларды сыйлоо аземинде билдирди.

Белгилей кетсек, ал иш-чаралардын ичинде республикалык, эл аралык чемпионаттар жана мелдештер бар.

Шабданбаев 2021-жыл кыргызстандык спортчулар үчүн ийгиликтүү жыл болушун каалап, спортчулар жетишкен ийгиликтердин артында тоодой эмгеги турган машыктыруучуларды белгиледи.

«Машыктыруучулардын тынымсыз эмгеги жана баа жеткис салымы үчүн терең таазим! Сиздердин чеберчилигиңиздер менен биздин спортчулар Токио Олимпиадасында да көп ийгиликтерге жетишет, биздин өлкөнүн гимни жаңырат деп ишенебиз», - дейт Шабданбаев.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости