www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москва райондук прокуратурасы тарабынан арыздын негизинде жүргүзүлгөн текшерүүдө Чүй облусуна караштуу Москва районунун Александровка айылында жайгашкан үч бала бакча мыйзамсыз менчиктештирилип кеткендиги аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Атап айтканда, 1995-1997-жылдары Москва райондук мамлекеттик администрациясынын Александровка айыл өкмөтүнүн жана «Дружба» айыл-чарба өндүрүш кооперативинин кызматкерлери тарабынан КР президентинин 1995-жылдын 16-февралындагы №37 Жарлыгынын талаптарын бузуу менен сатылган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен аталган факты райондук прокуратуранын КЖБРне катталып, тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Москва РИИБнин тергөө кызматына тапшырылган.

Ошондой эле аталган бала бакчаларды мамлекетке кайтаруу максатында Чүй облусунун административдик сотуна жана Москва райондук сотуна Москва райондук мамлекеттик администрациясынын, Александровка айыл өкмөтүнүн буйруктарын жана бала бакчаларды сатуу-сатып алуу келишимдерин жокко чыгаруу жөнүндө 6 доо арыз келтирилди.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости