www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сот журналист Болот Темировго кол салуу боюнча өкүм чыгарды

Бүгүн, 30-декабрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Болот Темировго кол салуу боюнча сот өкүмүн чыгарды. 

Сот төрт кол салуучуну тең мамлекеттин пайдасына ар бири 50 миң айып пул жана эки жарым жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Бирок, мунапыс колдонулуп, сот соттолгондорду бошотту.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын 9-январында саат 12:30 чамасында “Factcheck.kgнин” башкы редактору Болот Темиров сабалган. Ага редакциясынын жанында белгисиз төрт адам кол салган. Алар телефонду тартып алышкан, бирок Темиров дароо эле алардын тоноо максаты жок экендигин билдирген. Темиров кол салууну журналисттик ишмердүүлүгү менен байланыштырган.

“Тилекке каршы, тергөө учурунда буйрутма берген адамдын аты-жөнү аныкталган жок. Кол салгандар 11 ай СИЗОдо отурушкан, ошондуктан алар буга чейин жетиштүү жазасын алышкан”, – деп белгилеген журналист Темиров.

Эске салсак, сот мунапысты Темировдун каршы арызынын негизинде колдонгон.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости