www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көтанинин көп жүзү, ошого жараша көп аты бар. Эң эле таамай айтылганы АША энчилеп берген «Көтани» деген ысым. Сооронбай Жээнбеков президент болуп турганда Көтаниге Коопсуздук Кеңешинин секретарынын орун басары катары жогорку кызмат берет. Учурун күтүп турган Көтани «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тизмесине кирээри менен эң биринчи өзү башкарып келе жаткан Коопсуздук Кеңешинин сынга алып криминалдашып кеткени тууралуу айтып чыккан. Анда ал иштебей эле ар кимдин көчүгүн жыттап жүргөнбү? 2020-жылдын күзүндө парламентке шайлоо болуп жатты. «Бүтүн Кыргызстан» партиясына таянган Көтани Кыргызстанда башаламандыкты уюштуруу боюнча, ар кандай ушак-айыңдардын башында туруп, кокустан «Бүтүн Кыргызстан» партиясы бийликке өтпөй калса, кандай жол менен болсо да чыр-чатакты, башаламандыкты уюштурууга аракет кылат.

2020-жылдын күзүндө парламентке шайлоодо «Бүтүн Кыргызстан» партиясы өтүп кетет. Бирок Көтанинин башаламандыкты уюштуруу боюнча жасаган аракеттери талаада калган жок. Кыргызстан башаламандыктын чордонуна айланат. Ушундай башаламандыктан пайдаланып Көтани өзүн-өзү УКМКнын жетекчиси кылып дайындайт. Ал эми Курсан Асанов өзүн Ички Иштер министри кылып дайындап, экөө тең эч маселени чече алышпай, өз капчыктарын ойлоп отуруп калышат. Көтани эң биринчилерден болуп күнөөнүн барын Башкы командачы катары президентке жүктөп, андан соң өкмөт, өкмөт башчысын шыбап, элге жагынууга болгон аракети оңунан чыкпайт. 2020-жылдын 10-октябрында өзүн-өзү УКМК төрагасы дайындаган Көтанини Коопсуздук Кеңешинин секретарынын орун басары катары жогорку кызматынан алып салышат. Ташиев УКМКга жетекчи болгон соң УКМКдан да кол жууйт.

Көтани «Азаттык» сыяктуу үн алгыларга маек куруп күнөөнүн барын эми Раим Матраимовго коюп, «бардык министрлер гана эмес, жетекчилер жана анын орун басарлары, УКМК бардыгы анын кишилери болгон. Раим феномени бардык укук коргой турган коопсуздук органдарга өз кишилерин койгон ал эмес, ал өзү көзөмөлдүккө алган журналисттери болгон. Эмне үчүн мен «мафия» деген терминди колдонуп жатам. Анткени, 21 кылымда Кыргызстанда мафияны уюштурган Раим болгон» -деп «Азаттык» айтып жаткан жалган сөздөрдү эч фактысы жок,  кашкайта кайталап берген. Көтани өзү  Коопсуздук Кеңешинин секретарынын орун басары катары бийликте болгондуктан, эгер билсе кимдер экенин санап берсе болмок.

Көтанинин бул биринчи ирет бет тырмарлыгы эмес. Ал карьерасынын башында Аскар Акаевдин заманында Түштүктөн Афганистанга бараткан бир эшалон курал-жарак таптым деп калп айткан. Эгер чынында эле Кыргызстандан Афганистанга бир эшалон курал-жарак кетип баратса, бул дүйнөлүк мааниде чоң чырга айланмак. Ошол эле мезгилде Аскар Акаевдин убагында Сатыбалды Жээнбековдун эч себепсиз жерден көз жумушу чоң «чыр чатакка» айланган. Дал Сатыбалды Жээнбеков көз жумар күнү жубайы Токмокко кетип, азыркы борбордук китепкананын артындагы үйүндө Көтани жана Бакыт Бакетаев үчөө гана болгонун, өмүрү арак ичпеген Сатыбалды Жээнбеков ошол күнү аракка ууланып өлгөнүн кандайча түшүнсө болот?

Курманбек Бакиевдин тушунда башаламандыкты баштаган Көтани 2006-жылы ноябрында Ички Иштер министрин берип койсо оозун басып, бирок парламент аны татыксыз деп эсептеп, бул орунга дайындабай койсо, өзүнө окшоп өкмөт башчысы кызматынан кур калган Феликс Кулов экөө «Бириккен, Фронтту» түзүп, Кыргызстанга башаламандыкты уюштурганы менен, элди тополоң-тозго салып берип, өзү Нарын губернаторун алып кеткени элге жакты беле? Ошол мезгилде бүткүл орусиянын «мыйзамдагы ворлору» Нарынга келип «сходка» уюштурганы, анын кандай адам экенин айгинелеп турбайбы.

2010-жылы апрелинде бийлик алмашкан соң Ички Иштер министри болуш үчүн ар кайсы жерде башаламандык уюштуруп, кандосу Атамбаевден «Көтани» деген наам алганы бар. Атамбаевдин убагында «ККК» деген кыймыл түзө калам деп далай мыкты жигиттерди бийликке салып бергени бар. Ал эми Атамбаев камалары менен Сооронбай Жээнбековдун колтугуна жылып кирип, эң биринчи момент келээри менен сатып кеткенине да жол болсун!

Учурда Көтани күндүз Мадумаровдун сөзүн сүйлөп Садыр Жапаровдон жамандык издесе, түнкүсүн Садыр Жапаровдун кишилеринин таманын өөп, Сегизбаев менен Арстан Алайдын үстүнөн жамандык себелеп жүрөт. Көтанинин Канат Исаев сыяктуу 2017-жылы элди дүрбөткөндөр менен, Клара Сооронкулова сыяктуу 2020-жылы октябрда башаламандыктарды уюштургандар менен биригип кайрадан ызы-чууну уюштурууга камынып жатканы элдин колдоосун табабы, ким билет? Эл башаламандыкты жакшы көрбөй калды...

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости