www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош облустук ички иштер башкармалыгынын мурунку башчысы Абдилат Капаров президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жана генпрокурор Курманкул Зулушевдин атына арыз жазды.
Абдилат Капаров Сооронбай Жээнбеков менен Асылбек Жээнбековду шалаакылык жана каражатты максатсыз пайдаланган деп айыптады.
«Жогоруда айтылгандардын негизинде, сиздерден бир тууган Жээнбековдордун иш-аракеттерин тыкыр иликтөөнү, өлкөдөн чыгып кетүүгө тыюу салуу чараларын көрүүнү, конфискациялоо максатында мүлктү камакка алууну суранам.
Тергөө иштеринин жыйынтыгы боюнча мен Жээнбековду «экс-президент» наамынан жана мамлекет башчысынын персоналдык пенсиясынан ажыратууну суранам», – деп айтылат билдирүүдө.
Анын айтымында, экс-президент 2020-жылы жайында адамдардын өлүмүнө алып келген коронавирус инфекциясынын массалык түрдө жайылуусу үчүн да жооптуу.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg