www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Класс деген инфекцияны жуктура турган очок болуп саналат. Бир окуучу ооруп калса бир класска жайылтып ийиши мүмкүн.Ошондуктан азыр дүйнөдө пандемиянын экинчи толкуну болуп жатканда эмки чейрекке чейин аярлай турушубуз керек. Же эмне Кыргызстан дүйнөдөн обочолонуп бөлүнүп калдык беле. Онлайн менен ата-энелер дурус эле окутуп жатышат. Билим берүү жана илим министрлиги ар бир регион боюнча окуу процессин жеткиликтүү деңгээлде уюштурууну кароону сунуштайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев билдирди. Анын айтымында, “жашыл зонада” иштелип чыккан алгоритмди байкап, балдардын, мугалимдердин жана ата-энелердин ден-соолугуна коркунуч жок болсо, анда реалдуу режимде окуу керек. Ал эми студенттердин ден-соолугуна чындап коркунуч келтирилген “кызыл зонада” дистанттык окутууну уюштуруу керек.
«Ошондой эле, аралаш окутуунун форматы иштелип чыккан. Эгерде аралыктан гана узак убакыт окуй беришсе, анда бул билим сапатынын төмөндөшүнө алып келет. Ошондуктан, эгер пандемия созулуп кетсе, анда окутууну төмөнкүдөй уюштурууга болот: табигый так илимдерди оффлайн режиминде, ал эми гуманитардык багыттагы сабактарды онлайн режиминде окутуу керек», – деди Бейшеналиев.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg