www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акча дегенде ата-тегин унутуп, чыпалагын гана салбай, колун матырып жиберчү өкмөт башчысы болгон. УКМК алыс жакынга сереп салып, элдин канын соруп, жалагандарды таап, жазалай баштаган. Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коррупцияга жана мыйзамсыз баюуга шектүү катары кармалып жүрдү.

Абылгазиев өкмөт башчы болуп турганда мыйзамдарды бузуп, «Кумтөр голд компани» ишканасына геологиялык чалгындоо жана алтын казуу иштерин жүргүзүүгө кошумча жер бөлүп берген токтомго кол койгон.

Натыйжада, кендин жалпы аймагы эки эседен ашуун көбөйүп, мөңгүлөрдү жана корукту кошкондо 26,3 миң гектар түзүп калган. Атайын кызмат белгилегендей, бул токтом кабыл алынып жаткан кезде аталган кендин аймагын кеңейтүүгө тыюу салган токтом күчүндө болчу.

Мындан тышкары, УКМК Абылгазиев мамлекеттик кызматта турганда өзүнүн активдерин мыйзамсыз көбөйтүп, аларды мыйзамдаштыруу үчүн Бишкекте, Чүйдө жана Ысык-Көлдө кымбат баалуу мүлк сатып алган жана элиталык көп кабат үйлөрдү куруу тармагына каржы салган, кылмыш жообуна тартылбаш үчүн бул активдерди башка адамдарга жаздырып койгон деп эсептейт. Белгилей кетсек, Абылгазиев кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалды, тергөө жүрүп жатат.

Ал эми мурдагы өкмөт башчы өзү же анын жактоочулары азырынча бул тууралуу эч кандай комментарий берише элек. Кыргызстандын экс-премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин жана анын жакын туугандарынын кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкүнүн тизмесин жарыялады.

Абылгазиевдин жакын туугандары:

Жубайы – Абазбекова Чолпон Сабырбековна, 1972-жылы туулган;

кызы – Дүйшекеева Ажар, 1996-жылы туулган;

кызы – Дүйшекеева Саадат, 1999-жылы туулган;

уулу – Дүйшекеев Абийир Мухаммедкалыевич, 2005-жылы туулган;

бир тууганы – Абылгазиев Калыйнур Дүйшекеевич, 1954-жылы туулган;

бир тууганы – Абылгазиев Сооданбек Дүйшекеевич, 1959-жылы туулган;

бир тууганы – Абылгазиев Азизбек Дүйшекеевич, 1962-жылы туулган;

эжеси – Абылгазиева Жылдыз Дүйшекеевна, 1961-жылы туулган;

эжеси – Абылгазиева Кундуз Дүйшекеевна, 1964-жылы туулган.

Абылгазиевдин жээни Асыл Калыйнурович Абылгазиев бизнес өнөктөштөрү менен биргеликте Бишкекте жүздөгөн батирлерге ээ, ал эми Мухаммедкалый Абылгазиевдин өзүндө эч кандай официалдуу мүлк каттаткан эмес. Декларациясында ал биринчи вице-премьер-министр кызматын ээлеп турганда 2 миллион 367 миң сом киреше тапкан.

Декларацияда чыгымдар көрсөтүлгөн эмес. Анын 4 миллион 166 миң сомдук мал-жандыгы болгон. Жакын туугандарынын аянты 278 чарчы метр болгон үйү болгон. 2019-жылы Мамлекеттик кадр кызматы ошол кездеги премьер Мухаммедкалый Абылгазиев 2018-жылы 509 190 сом киреше тапканын, бирок расмий түрдө андан башка эч нерсеси (үйү дагы, унаасы дагы) жок экенин билдирген.

Ал эми анын жакын туугандары ушул эле мезгилде 14 миң сом гана иштеп тапкан жана аянты 183 м² болгон батири гана бар болгон. Абылгазиевдин жубайы Чолпон Абазбекованын мүлкү: 2005-жылы чыгарылган Lexus GX 470 автоунаасы, эки унаа токтотуучу жай жана Малдыбаев көчөсү 3/2 дарегиндеги батир.

2018-жылы премьер-министрдин кирешеси 826 миң 461 сомду түздү. Активинде: 600 миң сомго 52 жылкы, 880 миң сомго 22 уй жана 2 млн 96 миң сомго 524 баш майда бодо малга ээ болгон. Жакын туугандарынын 278 чарчы метр үйүнө эки унаа токтоочу жай (15,30 м² жана 15,20 м²) кошулган.

Жакын туугандарынын кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрү:

– Чүй облусунун Сокулук району (контур №74) дареги боюнча айдоо аянты Азизбек Абылгазиевдин бир тууганына катталган;

– Чүй облусунун Сокулук районундагы Манас айылындагы Разное көчөсүндөгү турак-жай эмес жай Азизбек Абылгазиевге катталган;

– “Көк-Жар” конушундагы Көк-Жайык көчөсүндөгү турак үй эжеси Кундуз Абылгазиеванын атына катталган;

– Кочкор районунун Дөң-Алыш айылындагы айдоо аянты, Орто-Ноолу участогу иниси Калыйнур Абылгазиевдин атына катталган;

– Кочкор районунун Дөң-Алыш айылындагы айдоо аянты, Кара-Ой №179 участкасы Калыйнур Абылгазиевге катталган;

– Жогорку Орок айылындагы турак жай имараты Соодонбек Абылгазиевге катталган;

– Кочкор районунун Дөң-Алыш айылындагы сарай Ийри-Суу участкасы Абылгазиев Адилетке катталган;

– Бишкек шаарындагы Түндүк көчөсүндөгү турак үй Абылгазиева Сайкал Калыйнуровнага катталган.

Мухаммедкалый Абылгазиевдин эң бай жээни Асыл Калыйнурович Абылгазиев, 1980-жылы туулган. Ага Азунбаев көчөсү 165 дарегиндеги жер тилкеси катталган. Курулуп жаткан бул аянтта Асыл Абылгазиев, “Залкар Строй Инжиниринг” курулуш компаниясы жана башка жеке адам бардык батирлерге жана турак эмес жайларга ээлик кылышат. Эске салсак, буга чейин ошол эле жерде объекттин курулушу “Мастер Групп” курулушш компаниясы тарабынан жүргүзүлмөк.

Абылгазиевдин кол-буттары каякка чейин соймолоп кеткени белгилүү. Абылгазиев каякта булганыч иш жасаса да эң биринчи дуба окуп бата кылып анан баштай турган. Учурундагы Абылгазиевдин көлөкөлөрү:

1) Иманкадыр Рысалиев бажасы, "Ачык өкмөт" долбоорунун жетекчиси, 5 000 евро айлыкты эмчү эле.

2) Эрназар Иманкадыр уулу "КТ мобайл" уюмунда жетекчинин орун базары болуп 5000 доллар айлык алып иштеген.

3) Азиз Абылгазиев иниси, Саламаттык сактоо министрлигинде баңги затты тейлөө тармагында иштечү.

4) Таалайгул Сабырбекова өкмөт башчынын бажасынын аялы, "Эргэнэ" коомдук фонддун жетекчиси, жылына онкология оорусун алдын алуу боюнча өкмөттөн бир жарым миллион сом алып турган.

5) Өкүл баласы финполдо иштеп, алло, алло дегенде эле, иштерди ары-бери кылып бүтүрүп салчу.

6) "Кыргызпочтасынын" биринчи орун басары, Урматбек Жакыпбеков, өкмөт башчынын инисинин, күйөө баласы болгон. "КТ Мобайлды" түптөгөнгө чоң салым кошкон.

7) Жол, транспорт министрлигинде тайкелери иштеген.

8) Башка бажалары, достору өкмөттүн аппаратында иштейт.

9) Ал эми кызы Америкада окуп, анын окуусуна бери жагы эле дегенде, 25 000 доллар жылына сарпташчу. Айткандай кызы бойдок, Акылбек Жапаровдун баласы эми теңине албай калды го? Тууган-тушкан, жердештери каякта иштегенин айтып отурсак, тизме эки метр болуп кете тургандай.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости