www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 29-декабрда пара талап кылуу фактысы боюнча Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысынын бажылык жол-жоболоштуруу тобунун башкы инспектору 1000 (миң) доллар акча талап кылган жеринен кармалганын УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Кыскасы, УКМК жашырган 1972-жылы туулган К.М.А. аттуу кызматкер Кыргызстандын аймагы аркылуу жүк ташуучу транспорт каражаттарын транзиттик жол менен өткөрүү үчүн жеке ишкерден акча каржатын талап кылганы аныкталгандыгын жар салды. Маалыматка таянсак, УКМК кармалган кызматкер Жогорку Кеңештин депутаты Сагындык Келдибаевдин бир тууганы экендиги тууралуу маалымат тарады.
Буга чейин дүйнөнү дүрбөлөңгө салган Райымбек Матраимовдун маалында бир дагы кызматкер пара менен кармалган эмес, же бул көрүнүшкө дагы Райымбек Матраимовду күнөөлөп койсок кантет ыя?
Баса, акыркы 3 жылдан бери Райымбек Матраимов бир беткей талкуу жаратып, ошол учурдагы Бажынын башында турган Алмазбек Атамбаев менен Бажынын төрагасы Кубанычбек Кулматовдун аты-жөнү айтылбай келет. Бажынын төрагасы Кулматовсуз жана Атамбаевсиз иш жүргүзгөнгө Матраимовдун башы алтоо эмес болушу керек.
Андыктан Ала-Тоонун башындагы кардын эришине, коронавирустун чыгышына, жаан жаап, күндүн күркүрөшүнө Матраимовду күнөөлөп олтура бериштин кажети барбы?...
Бул жерде кимдир бирөөлөрүбүз - “Райым, Райым, Райым”, деп ураан чакырыш керек деген деле ой такыр жок, болгону бир беткей каралоону токтотуп, Бажынын башында төрага болуп турган Кубанычбек Кулматов менен 2 гектарга заңгыраган үй салган Атамбаевди кошуп койсок “бармактай” эмес “тырмактай” болсо дагы чындык чыгат беле? деген суроо жаралат.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg