www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Оlympics маалымдагандай, алтын байгенин салмагы 529 грамм, күмүштүкү — 525, коло медаль 455 граммга жетет. Жалпысынан оюндар үчүн 5084 медаль жасалды. Париж медалдын дизайнын Chaumet компаниясы менен биргеликте иштеп чыккан.

1896-жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан Олимпиада оюндарындагы 36 миң 600 медалдан Париж-2024 мелдешинде берилүүчү медалдар өзгөчөлөнүп турат.

100 жылдан кийин оюндар кайрадан Францияда өткөрүлгөнү жаткандыктан, алтын, күмүш жана коло медалдарынын ар биринде Париждин символу атыккан Эйфель мунарасынын качандыр бир бөлүгү болгон металлдын 18 граммды түзгөн бөлүкчөлөрү камтылат. Алар бир канча ирет реконструкцияланган мунарадан алынган металлдар болуп саналат.

Медалда алты бурчтук катары Эйфель мунарасы чагылдырылган. Бул геометриялык фигура оюндарды өткөрүүгө өлкө жапатырмак катышканын билдирет. Медалдын арткы бетинде ичке бирдей сызыктар кетет. Ал дүйнө жүзүндө Франциянын “жаркыраганын”, спортчулардын эсте каларлык беттештерин сүрөттөп турат.

Париж-2024 Олимпиадалык жана Паралимпиадалык оюндардын медалдарынын тасмасына Эйфель мунарасынын торчолору түшүрүлгөн. Олимпиадалык медалдардын тасмасы кочкул көк түстө, ал эми Паралимпиаданыкы кочкул кызыл түстө болот.

Адаттагыдай эле, медалдын арткы бетинде биринчи жолу 2004-жылы Елена Вотси тарабынан иштелип чыккан Афина Олимпиада оюндарынын медалдарында чагылдырылган жеңиш кудайы Никанын образы түшүрүлгөн. Мындан улам дизайнда Грециядагы оюндардын атрибуттары жана заманбап Олимпиада оюндары айкалыштырылган.

Паралимпиадалык медалдардын арткы жагында Эйфель мунарасы түшүрүлгөн. Анда “Париж” жана “2024” жазуулары Брайл шрифти менен жазылган. Ошондой эле көзүнүн көрүүсү начар адамдар медалдарды айырмалай алышы үчүн алтында I, күмүштө II, коло III деген чийиндер менен жазылган.

Последние новости