www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Идрис Кадыркуловдун талапкерлигин Кыргызстандын Украинадагы элчиси кызматына жактырбай койду.

Аны депутаттарга тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев тааныштырып, Украина тараптан Кадыркуловдун кызматка барышына макулдук берген агреман келгенин билдирди.

Комитеттин жыйынында депутат Айбек Осмонов "элчилик кызматка артынан жаман сөз ээрчибеген, таза, жаш кадрлар жок беле?" деп сурады. Анда Ниязалиев талапкерлиги каралып жатканда укук коргоо органдары тарабынан текшерилгенин билдирди.

Ал эми Улан Бакасов учурдагы экономикалык кырдаалды эске алуу менен элчилердин алдына инвестиция тартуу планын коюп, эгер аткара албаса артка чакыртып алуу маселесин көтөрдү.

Натыйжада добушка коюлуп комитеттин төрт мүчөсү каршы, үчөө макул добуш берип, Кадыркуловдун талапкерлиги өтпөй калды.

Буга чейин Украинадагы элчиликти экс-президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууган агасы Жусупбек Шарипов аркалап келген. Ал мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу кызматтан кетип жатат.

Идрис Кадыркулов 2018-2019-жылдары УКМКнын төрагасы болуп турган. Ал коомдо паспорттордун бланкаларын даярдоодогу коррупциялык иштерге аралашкан деп айтылган кептен улам өз ыктыяры менен арыз жазган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости