www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2021-жылга республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө Министрлер Кабинетинин отчетун, ошондой эле төмөнкү мыйзам долбоорлорун кабыл алды:

- “Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023–2024-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”;

- "2023-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана 2024-2025-жылдарга пландаштыруу мезгили жөнүндө".

Белгилей кетсек, парламенттин пленардык жыйынына Министрлер Кабинетинин жалпы курамы катышты.

Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Министрлер Кабинетинин ишинин жыйынтыгы тууралуу жалпы маалымат берип, күн тартибинин маселелери  боюнча каржы министри Алмаз Бакетаев баяндама жасады.

Талкуунун жыйынтыгында отчет канааттандырарлык деп табылып, ал эми мыйзам долбоорлору биринчи окууда кабыл алынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости