www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңеш башкы прокурор Курманкул Зулушевди кызматтан кетүүсүнө макулдук берди.

Аталган маселе бүгүн, 5-июнда парламенттин жыйынында каралды.

Президенттин жана өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов Зулушев кызматтан кетүү тууралуу өз каалоосу менен арыз жазганын билдирди. Жыйынтыгында Курманкул Зулушевдин отставкасын 58 депутат колдоп, бирөө каршы деген добуш берди.

Эскерте кетсек, Зулушевдин кызматтан кетүүгө арыз жазганы тууралуу 3-июнда белгилүү болгон. Анын ордуна Ош облусунун прокурору Максат Асаналиевдин талапкерлиги көрсөтүлдү.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости