www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Соттун судьясы Осмоналиев Камил Турдубекович өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазды. Бул тууралуу 7-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов билдирди.

Анын айтымында, мамлекет башчы Жогорку Кеңештен судьянын отставкасын кабыл алууну суранууда.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында Осмоналиевдин билдирүүсүн 70 депутат колдоду.

Ошону менен бирге Абытов Конституциялык соттун судьялык кызматына шайлоо үчүн Айдарбекова Чынара Аскарбековнанын жана Жолдошева Лунара Жаткалбековнанын талапкерлерин сунуштады.

Айдарбековага 79 депутат "макул", 0 депутат "каршы" добуш берди; Жолдошева үчүн – 81, каршы – 0.

Жаңы судьялар дароо парламенттин алдында ант беришти.

Белгилей кетсек, Жогорку Соттун судьясы Камил Осмоналиев тарабынан мыйзамсыз баюу фактысы боюнча УКМК тарабынан иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында ал Жогорку соттун жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын судьясы болуп иштеп, өз кызыкчылыгын көздөп, системалуу негизде мамлекеттик кызыкчылыктарга зыян келтирген чечимдерди чыгаргандыгы аныкталган.

Ошол эле учурда Осмоналиев көптөгөн Кыймылсыз мүлк объекттерин, анын ичинде VIP-шаарчасындагы элиталык кыймылсыз мүлктөрдү, алдыңкы курулуш компанияларынан батирлерди, Ысык-Көл жээгиндеги абройлуу пансионаттардагы коттедждерди, соода борборлорундагы коммерциялык объекттерди, ошондой эле баасы мыйзамдуу кирешесинен 114 млн сомдон ашкан люкс классындагы унааларды сатып алган.

Тергөө учурунда Осмоналиев күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, мамлекетке 70 миллион сом төлөп берген. Ал үч айдын ичинде мамлекетке 44 миллион сом зыяндын калган суммасын төлөп берүүгө милдеттенген.

Буга байланыштуу 2021-жылдын 20-мартында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен ага карата эч жакка кетпөө тууралуу жазуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости