www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ымыркай депутат депутаттык ордун майлайм деп маянасы жетпей калган учурлар болот, ошондуктан ага кошумча витаминдерди издөөгө туура келет. Арийне, алты айга толо элек ымыркай депутаттын бирөөлөрдүн чөнтөгүнө көз артканы туура эмес. Партия лидерлери бюджеттен кошумча акча табууга аракет кылуусу керек. Мугалим, дарыгерлердин эмне кереги бар. Алгач депутаттардын айлыгын көтөрүү керек. Кол ийрисине тартпаса болбойт. «Дух» ымыркай депутаты «бөлтүрүк» жашга толгуча ууга алып чыкканга болбойт. Алты айга чейин калем сапты кармаганды, компьютерде ойногонду, туалет каякта экендигин гана үйрөнсө жетишет. Көптү үйрөнсө көөп кетет.

Алты айлык депутат: «Бөлтүрүк»

Ымыркай депутатка алты ай толгондо микрофондо сүйлөгөнгө кичинеден үйрөтө баштаса болот. Алты айлык кезинен ар кайсы жакка ууга алып барып үйрөтө башташ керек. Ушул мезгилден баштап С (сом) витаминин жашырып-жаап, жең учунан бере баштаса болот. Себеби, ымыркай депутат телчигип тааныш-тунуш күтүп, маянасы жетишсиз боло баштайт. Тежигирээк «бөлтүрүк» депутаттарга Д (доллар) витамининен деле бере берсе болот.

Бир жашар депутат: «Молодой»

Микрофондо сүйлөгөнгө тыңыраактары үйрөнүшүп микрофон талашып калышат. Бир жашар депутаттын аппетити секунд сайын ачыла баштагандыктан С (сом) витамининен башка Д (доллар) жана Е (евро) витаминдерин сөзсүз бериш керек. Ал витаминдерди «молодой» депутаттар «ап» этип сугунганга жарайт. Бирок, бир жашар депутаттын рационуна Д (доллар) жана Е (евро) витаминдерин этияттык менен аз-аздап кошпосо, пейили бузулуп ач көз болуп калышы толук ыктымаал.

Эки жашар депутат: «Черпах»

Эки жашар депутат дале партиялык лидерлердин системалуу түрдө көз алдында болууга тийиш. Фракция жетекчилери да «черпах» депутаттын жүрүш-турушун контролдоп турбаса болбойт. Эки жашар депутаттын рационуна В 1, В 2, В 3 жана башка В (валюта) витаминдерин кошуу керек. Эреже катары «черпах» депутат белгилүү бир буюмга (ишканага, фирмага ж.б) көзүн кадап, ага көз арта баштайт. Ошол буюм менен ойногусу келет.

Үч жашар депутат: «Скакун»

Үч жашар депутат чет өлкөдө канчалык көп болсо, ошончолук ага пайдалуу. Себеби алардын рационунда Д (доллар), Е (евро), В (валюта)  витаминдери жетиштүү. Ошондуктан «скакун» депутат таскактап, чет өлкөгө болгон талабы күчөйт. Фракция жетекчилери жана парламенттин спикери менен кадыр-көңүлү жарашкан депутаттар  бир топ күнгө «прогулкага» чыгып келсе болот. Кээ бир үч жашар депутаттар А (алтын) витаминине талгак болушуп «Кум-Төр», «Жер Үй», «Кыргыз алтын» ишканаларына тийише баштайт. Ал эми аял жыныстуу депутаттар «Алтын»  супермаркетинен чыкпай калышат.

Төрт жашар депутат: «Старик»

Төрт жашар  «старик» депутаттын эң негизги көрсөткүчү салмагы.Саясий салмагы жогорулап анча-мынча министрлерди букадай челип качырып киргенге жарап калат. А, В,С,Д, Е,Р витаминдери жетишсиз болуп, бриллиант, каухар, бермет сыяктуу баалуу заттар капчыгынын салмагына салмак кошуп, карапайым квартиралардын ордуна хан сарай, пентхауз сыяктуу салмактуу үйлөргө ээ болгусу келет. Өзүнүн салмагы да саат сайын сайдын ташындай өсүп, «живой веси» центнерди оодарып калат. Атаганат , акыркы мезгилдерде парламент эки-үч жылга жетпей эле тарап. «старик» депутатка жетпей калып жатат.

Беш жашар депутат: «Дембель»

Депутаттарга беш жыл толгондо гана элди ойломуш боло баштайт. Айласы жок элге барсак сураса уят болуп калбайлы дешип мыйзам деген эмне экенин үйрөнүүгө аракет кыла башташат.Өкмөт тарап депутаттын көңүлүн ачып, ага жомок айта берүүнүн кереги жок. Беш жыл боюу жомокту берилип уккан депутат өкмөт менен биригип, «тиши чыккан балага чайнап берген аш болбойт» деп,бардыгын кайсап жеп ийиши да ыктымаал. Арийне,андай жегендин депутаттын организмине пайдасы аз.Биринчиден, өкмөт менен кошо жеген оокат начар сиңет. Экинчиден,алдыда шайлоодо кайрадан депутат болбой калсаң кустуруп алышы да мүмкүн.

  «Дембель» депутат келечекте боло турган шайлоого партия менен биримдикте чыдамкайлык менен камынып, даамдуу А,В,С,Д,Е,Р витаминдерин шайлоочулар үчүн даярдоого аракет кылуу керек. Мындай витаминдер жетишсиз болсо, ЖКны желкемдин чуңкуру көрсүн де, партиялык тизмеге илинбей калышың бышык, андай келечек болсо,анда акыркы мүмкүнчүлүктөн пайдаланып апылдатып сугунуп алыш керек.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости