www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Шакиев Баткенде курман болгон Эламан Ураимовго Кыргыз Эл Баатыры наамын берүүнү сунуштады.

Эл өкүлү Баткенде курман болгон аскерлер Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон Чолпонбай Түлөбердиевдин, Дүйшөнкул Шопоковдун эрдигин кайталашканын белгиледи.

Мындан улам набыт болгон аскерлердин ысымын көчөлөргө, шаар, райондорго ыйгарууну демилгеледи. Ал эми жоокерлерин сактап калыш үчүн өз жанын садага чапкан Эламан Ураимовго эң жогорку даражадагы Кыргыз Эл Баатыры наамын берүү максатка ылайык экенин айтты. Мындай кадамдар аскерлерге дем-күч берерин, өткөндөр унутулбай баркталарына токтолду.

Чек арадагы кагылышта курман болгон 29 жаштагы аскер, батальондун командири Эламан Ураимов Кара-Суу районунун Савай айылында туулган. Жакындарынын айтымында, ал курчоодо калып, туткунга түшпөс үчүн өзүн жардырып, 5-6 тажик аскерин да "ала кеткен".

Последние новости