www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 21-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттары жалпы жыйынга чогулду. Эл өкүлү Тазабек Икрамов жыйында Баткенге чогулган каражатты көзөмөлгө алууну сунуштады.
«Азыр кыргыз эли кыйын мезгилди башынан өткөрүп жатат. Баарыбыз чек арада курман болгондорго терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.
Мында ушундай кыйын кезде баарыбыз бири-бирибизге жардам көрсөтүп жатабыз. Бирок, биз Баткен облусуна барганда топтолгон каражаттар аларга жетпей жатканын, ошондой былтыр чогулган 500 миллиондун 5 тыйынында көргөн жокпуз деп айтышууда. Биз ошол Баткенге бөлүнгөн жардамдарды көзөмөлгө алып, отчетун угушубуз керек.
Бирок, тургундарга эң негизгиси кооптуу аймакта жайгашкандарга тийиштүү шарт түзүп берүү болуп саналат», - деди Икрамов.
Эске салсак, Тажикстан кыргыз-тажик чек арасында 14-сентябрада ок чыгарган.
Президент Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Самарканд шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин аянтчасында жолугушуп, чек арадагы кырдаалды талкуулашкан.
Акыркы маалыматтарга ылайык, Тажикстандын кол салуусунан чек арада жабыркагандардын саны 198ге жетти.
Булак: NazarNews.kg