www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгы бурмаланбаганы аныкталды

Саясий партиялардын IT-адистеринен, БШКнын мүчөлөрү жана адистеринен турган жумушчу топ парламенттик шайлоонун жыйынтыгы бурмаланбаганына ынанды. Бул туурасында Боршайкомдун маалымат кызматы билдирди.

Аталган топ АСУнун маалыматынын негизинде добуш берүүнүн жыйынтыгын көрсөткөн кошумча таблицадагы механикалык катанын себептерин карашкан. Жыйындын катышуучуларына БШКнын сайты тесттик режимде иштетип көрсөтүлгөн.

IT-адистер добуштарды көрсөтүүдө туура эмес программалоодон улам ката кеткенине ынанды. Ал эми добуштардын саны жана пайыздык өлчөмү АСУдан автоматтык түрдө алынган маалыматтар менен дал келгенин ырасташты. Сырткы таблицадагы каталар добушканалардан түшкөн маалыматтарга таасир эткен эмес", — деп айтылат маалыматта.

Жумушчу топко "Ата Мекен", "Бүтүн Кыргызстан", "Альянс", "Азаттык", "Кыргызстан жашылдар партиясы", партияларынын өкүлдөрү, "Ынтымак", "Социал-демократтар" жана "Ордо" саясий уюмдарынын IT-адистери, "Таза шайлоо" коомдук фондунун өкүлү кирген. Ошондой эле БШКнын мүчөлөрү, АСУ маалыматтык системасынын программалык камсыздоону жакшыртуу тобунун жетекчиси жана аппарат кызматкерлери кошулган.

Эске салсак, 28-ноябрдагы парламенттик шайлоодо участкалар жабылгандан кийин БШКнын сайты кеминде эки жолу иштебей калган. Биринчисинде, партиялардын алган добуштарын пайыздык көрсөткүч менен эсептей келгенде 100 эмес, 140 пайызга чыгып кеткен. Экинчи учурда АСУдан түшкөн добуштарды көрсөтүп жаткан сайт маалымат бербей жабылып калган. Кайра иштеп баштаганда партиялардын добуштары азайып кеткен.

Борбордук шайлоо комиссиясы АСУдан алган маалыматтарды жарыялоодо адис санды жаңылышып эки жолу көбөйтүп алгандыктан сайттын сырткы таблицасынан механикалык ката кеткенин билдирген.

Буга нааразычылыктар токтогон эмес. Мындан улам 1-декабрда ар бир партиянын IT-адистеринен турган жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости