www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутаттар айлык акыларын толугу менен эки ай – октябрь жана ноябрь айларында алышты. Бул тууралуу журналисттерге Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Индира Куралбекова билдирди.

Ага ылайык, эл өкүлдөрүнүн көпчүлүгү октябрь айындагы эмгек акыларын “Ак үйдү” оңдоо үчүн которушкан. Бирок бир дагы депутат ноябрь айындагы эмгек акыларынан баш тартышкан жок.

Белгилей кетсек, буга чейин алтынчы чакырылыштын депутаттары ыйгарым укуктарынын мөөнөтүн узартуу мезгилинде акысыз иштөөгө даяр экендиктерин билдиришкен.

“Ак үй” 5-6-октябрга караган түнү болгон башаламандык учурунда талкаланган. Бирок келтирилген зыяндын так суммасы эч качан эсептелген эмес.

Алдын ала маалыматтар боюнча, имаратты капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн 450 миллион сом сарптоо керек. Мурунку президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров жумуш сапарынын биринде калыбына келтирүү үчүн 10 миллион сомдон ашык гана каражат талап кылынарын айткан. Оңдоо иштери тендерсиз башталды.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости