www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 4-мартта парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Улуу Британия мамлекетине расмий иш сапары менен барды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Иш сапардын алкагында Төрага Нурланбек Шакиев жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушууларды өткөрүп, парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган маселелерди талкуулайт.

Ошондой эле Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө жана өнүгүүсүнө арналган тегерек столго катышып, Улуу Британияда жашаган мекендештер менен да жолугушат.

Делегациянын курамында депутаттар Улан Примов, Жанарбек Акаев, Лейла Лурова, Элдар Сулайманов жана Жылдыз Садырбаева бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости